Soft-skills — жашоону жакшыртуучу көндүмдөр!
aha.kg: Ийгилик өзүңдө!
aha.kg компания жөнүндө
aha.kg компаниясы 2017-жылы адамдарга жашоодо керектүү (софт-скилз) көндүмдөрдү жөнөкөй жана жеткиликтүү жол менен үйрөтүү максатында түзүлгөн.
Биз чоңдор жана өспүрүмдөр менен иштейбиз. Окуудан кийин алардын жетишкен ийгиликтери бизге дем берет.
Биз жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен кызматташып, социалдык жана коммерциялык багыттагы билим берүү долбоорлорун ишке ашырабыз.
Биздин миссиябыз — формалдуу эмес билим берүү аркылуу адамдарга жашоодо керектүү көндүмдөрдү үйрөтүп, алардын жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшүү.
Адамдардын жашоосундагы оң өзгөрүүлөргө салым кошуп жатканыбыз менен сыймыктанабыз!
Эмне үчүн бизди тандашат?
  • 1. Бай тажрыйба жана окутуунун ыңгайлуу форматтары
    Биз 5000ден ашуун адамды окуттук. Онлайн жана офлайн сабактарды, видео жана аудио материалдарды, ошондой эле окутуунун айкалышкан форматтарын сунуштайбыз.
  • 2. Практикага негизделген окутуу
    Биздин сабактар ар дайым баарлашуу жана практикалык тапшырмалар менен коштолот. Кызматтарыбыздын сапатын тынымсыз жакшыртуу үчүн катышуучулардын пикирлерин жана сунуштарын чогултабыз.
  • 3. Кесипкөй тренерлер
    Биздин тренерлер — психология, инсандык өнүгүү жана адамдар ортосундагы баарлашуу жаатында билими жана практикалык тажрыйбасы бар адистер. Алар жалпысынан 1000 сааттан ашуун окутуу өткөрүшкөн жана кесиптик чеберчилигин дайыма жогорулатып турушат.
  • 4. Ишенимдүү өнөктөштүк
    Бизге жергиликтүү жана эл аралык уюмдар ишеним артып келишет. Алар менен биргеликте өспүрүмдөрдөн тартып жергиликтүү кеңештердин депутаттарына чейин ар түрдүү топтор үчүн тренингдерди өткөрүп, билим берүү долбоорлорун ишке ашырдык.
  • 5. Акысыз билим берүүчү видеолор
    aha.kg YouTube каналыбызда негизинен кыргыз тилиндеги акысыз билим берүүчү видеолор жарыяланат. Каналыбызга 48 000ден ашуун адам жазылган.
  • 6. Сиздин ийгилигиңиз — биздин максат
    Биз үчүн эң маанилүүсү — катышуучулардын жаңы билимдерди өздөштүрүп гана тим болбостон, аларды күнүмдүк жашоосунда колдоно билиши жана жакшы натыйжаларга жетиши.
Кардарларыбыздын пикирлери

Почта: office@aha.kg