Мен жана Сен - мамиле жана баарлашуу онлайн курс
Тренердин коштоосу менен старт 8-февраль, 2027ж
Өтүлө турган мөөнөтү: 1 ай (4 жума)
Күндө бир жеңил кадам кылып жаңы адаттарга ээ болосуз.
Курс жөнүндө
Түшүнбөстүк, ыза-чуу, «сен мени укпай жатасыңбы?» деген суроо — көп үй-бүлөдө бар. Бул курс сый-урмат менен баарлашууну үйрөтөт: жолдошуңуз жана жакындарыңыз менен тынч, ачык сүйлөшүүнү. Теория эмес, күнүнө бир кичинекей көнүгүү. 20 кыска сабак, ар бири 5–10 мүнөт.

Сизге өзүн өнүктүрүү курс эмнеси менен жагышы мүмкүн?

  • Сиз өзүңүзгө ыңгайлуу болгон каалаган убакта окуй аласыз.
  • Видеосабактарга күнүнө 5-10 мүнөт гана бөлүү менен, сунушталган ыкмаларды оңой эле колдоно баштасаңыз болот.
  • Видеосабактар ​​менен бирге тренердин коштоосу бар форматты тандаган болсоңуз, бардык суроолоруңузга жума сайын тренер менен болгон жолугушуу учурунда жана 24 саат иштеп турган чат аркылуу жооп аласыз.
Тренер
Чолпон Бекболотова
Сертификаттуу мугалим жана психолог, тарбиялоо жана инсандык өнүгүү боюнча курстардын тренери. Анын жекече да, топтор үчүн да, анын ичинде ЮНИСЕФ, Кыргызстан Тынчтык Корпусу, International Alert, Өнүктүрүү саясат институту, SheStarts, MSDSP, Youth of Osh ж.б. сыяктуу жергиликтүү жана эл аралык уюмдарга корпоративдик заказдардын алкагында окутуу боюнча чоң тажрыйбасы бар.

Чолпон Бекболотова aha.kg эксперти катары Азаттык, Sputnik, Next TV, Bilesinbi, "Оор күндүн кечи" ж.б. телерадиоберүүлөрүнүн дайымкы коногу.
"БилимтайМ" билим берүү борборунун негиздөөчүсү.
Курс жөнүндө
  • Эмнени үйрөнөсүз
    • урматтоо менен баарлашууну: чын жүрөктөн уккуну жана айыптабай өз оюңузду айтууну («мен-билдирүүлөр»);
    • жеке чек араңызды белгилеп, башкалардын чек арасын сыйлаону;
    • чыр-чатакты урушсуз чечүүнү;
    • уулуу (токсик) баарлашууну байкап, андан чыгууну;
    • жубайлар бир-биринен эмне күтөрүн жана «сүйүү тилинде» сүйлөшүүнү түшүнүүнү.
  • Сабактардан үлгү
    «Активдүү угуу» · «Жеке чек ара» · «Чыр-чатаксыз баарлашуу техникасы» · «Сүйүү тили» · «Адамдар эме үчүн үйлөнөт»
  • Кимге ылайыктуу
    Үй-бүлөдө чыр-чатакты азайтып, өз ара түшүнүүнү көбөйткүсү келген айымдарга.
Катышуучулардын кайтарым пикирлери
  • Өзүн өзү өнүктүрүү курсу эн Жогорку денгелде өттү! Ар Бир катышуучу ушунчалык кызыгуу менен окууду деп ойлойм. Ишиңиздерге ийгилик, ар бир инсандын жашоосун өзгөртүп жакшы жетишкендиктерге жеткизип ийгилик жаратыныздар.
    Бекеева Айдай Ааматовна
  • Курс абдан керектүү болду. Өзүмдүн жана башка адамдардын баалуулуктарын баалаганга, сыйлаганга жана тынбай билим алууга, изденүүгө түрткү берди. Аха.кейджи окуу борборуна чоң рахмат.
    Жумамүдүнова Нурзат
  • Мен учун бул курстар башка бир аалам ачылгандай болду! Сиздерге чоон рахмат ушундай мумкунчулук түзүп бергенде!
    Жорова Айгул
  • Бул курстан өзүмө пайдалуу жаны маалыматтарды алдым. Сабактар кыска бирок нускалуу болду. Берилген техникаларды дагы колдонуп жатам. Курстун тренери маанисиз, суу сөздөр сүйлөнгөн жок. Чолпон эже сонун түшүндүрөт экен.
    Жолдошова Кундуз
КУРСТУН БААСЫ
1 жуманын ичинде оюңузду өзгөртсөңүз, төлөмдү кайтарып беребиз!
Өз алдынча окуу
5300 сом
Сиз күнүгө узактыгы 5-10 мүнөт болгон 20 видеосабак алып турасыз.
  • Курсту аяктагандан кийин дагы 6 ай бою видеосабактарды көрө аласыз.
  • Бул форматта окууну дароо баштасаңыз болот.
САТЫП АЛУУ
Индивидуалдуу Тренердин коштоосу менен
20000 сом
Сиз күнүгө узактыгы 5-10 мүнөт болгон 20 видеосабак алып турасыз.
  • + 24 саат бою чат түрүндө тренердин коштоосуна ээ болосуз.
  • + 4 идивидуалдуу онлайн консультация жолугушууларына катышып тренерден түшүндүрмөлөрдү, комментарийлерди жана суроолоруңузга жоопторду ала аласыз.
САТЫП АЛУУ
Суроолор болсо whatsapp жооп бергенде даярбыз
Өзүн өнүктүрүү боюнча тренердин видеолору
Катталуунун алдында биздин видеолорду текшерип көрүңүз