«Үч ай — үч кадам»: ички туруктуулуктан аң-сезимдүү аталыкка чейинки толук жол (топтук коштоо менен) Старт 11-январь, 2027ж Өтүлө турган мөөнөтү: 3 ай Жеңилдик: 3000 сом үнөмдөйсүз
Егер сиз сезимиңизди ичиңизде көтөрүп, «чегиңизге жеткенче» чыдасаңыз, чарчап жүрсөңүз жана үй-бүлөгө жакын болгуңуз келсе — бул пакет сиз үчүн. Бир айда бир тема, күнүнө бир гана кадам, телефондон, иштен жана үй-бүлөдөн убакыт танбай. Бул лекция да, терапия да эмес, жашоого керектүү практикалык көндүмдөр.
Үй-бүлө, бала-чаканын жана жумуштун камын көрүп жүрүп, өзүбүздүн муктаждыктарыбызды унутуп коюшубуз мүмкүн. Бул курс өзүңүзгө көңүл бурууга жардам берет: күчтүү жактарыңызды байкап, сезимдериңизди түшүнүп, өзүңүзгө аяр мамиле кылууну жана чыңалууну азайтуунун жөнөкөй ыкмаларын үйрөнөсүз. Күнүмдүк жашоодо колдонууга ылайыктуу көнүгүүлөр камтылган 20 кыска сабак сизди күтөт. Бул психотерапия эмес, практикалык көндүмдөрдү үйрөтүүчү курс.
«Мен жана башкалар» — угуп, урматтоочу сүйлөө, «жок» дей билүү;
Кээде жакындарыбыз менен жөнөкөй сүйлөшүү эле талашка айланып кетет. Курста тынч жана сый мамилеге негизделген баарлашуу көндүмдөрүн үйрөнөсүз: кунт коюп угуу, «мен-билдирүүлөр», жеке чек аралар жана пикир келишпестиктерди жөнгө салуу. Кыска тапшырмалар жаңы ыкмаларды үй-бүлөдө жана күнүмдүк баарлашууда колдонууга жардам берет.
«Мен жана үй-бүлөм» — аң-сезимдүү аталык, жолдош менен мамилени сактоо.
Балага тамак-аш, кийим-кече жана билимден тышкары коопсуздук сезими, сүйүү жана урмат да керек. Курста баланын муктаждыктарын жана өзүңүздүн тарбиялоо ыкмаңызды карап чыгасыз. «Баланын үйү» аттуу практикалык көнүгүү үй-бүлөдөгү мамилеге башкача көз караш менен карап, ишенимди бекемдөөнүн чакан кадамдарын аныктоого жардам берет.
Пакетке эмне кирет
3 курс жана 60 кыска видеосабак (ар бири 5–10 мүнөт);
тренер менен Zoom жолугушуулары, жумасына 1 жолу;
бир топтагы аялдар менен жалпы Telegram чат;
ар бир сабактан кийин тест жана баллдар, бүтүрүүчүлөргө сертификат;
сабактар кыргыз тилинде, WhatsApp аркылуу келет.
Эмне үчүн кардарлар бизге ишенишет
Бул программада Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 122 эркек катталды;
суроого жооп бергендердин 96,8%и курсту сунуштоого даярдыгын 10дон 9–10 деп баалады;
aha.kg 2017-жылдан бери 5000ден ашык адамды окуткан.
Тренер
Урмат Курманов
Жогорку билимдүү практик психолог, 10 жылдан ашуун тажрыйбасы бар адис. Жеке практика жүргүзөт.
SOS Балдар Айылдары Кыргызстан, UNICEF долбоорлору жана Кыргызстан Кызыл Ай Коому сыяктуу эл аралык жана жергиликтүү уюмдарда иштеген.
Травма менен иштөөчү EMDR терапевт, психодрама-практик. Кыргызстан EMDR Ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана Кыргызстан Психодрама Ассоциациясынын мүчөсү.
Үй-бүлөлүк мамилелер, жубайлар ортосундагы байланыш жана балдарды тарбиялоо багытында жекече курстарды жана тренингдерди өткөрөт. Балдарга позитивдүү тарбия берүү боюнча сертификатталган тренер.
Кепилдик
1 жуманын ичинде оюңузду өзгөртсөңүз, төлөмдү кайтарып беребиз!
«Эркектер да жардамга муктаж болуп, алсыз болушу мүмкүн, бул уяла турчу нерсе эмес».
2026ж курстун катышуучусу
Көптөгөн нерселерде ачууга алдырып, адамдар менен сүйлөшүүдө сөздү аягына чейин угуп-укпай өзүмдү кыйнап эле жүргөн экенмин. Азыр болсо токтоолук менен, сөздү, суроону угуп ошого карата жооп берүүнү үйрөндүм.
2026ж курстун катышуучусу
Мурда эмоцияга көп алдырып өзүмдү көп кыйначу экенмин. Азыр өзүмдү басып, бир аз пауза жасап анан андан ары сөздү же кандайдыр бир ишти улантып жатам.
Суроолор болсо whatsapp жооп бергенде даярбыз
Өзүн өнүктүрүү боюнча тренердин видеолору
Катталуунун алдында биздин видеолорду текшерип көрүңүз