Балага тамак-аш жана кийимден тышкары эмне керек? Бул курс баланын төрт негизги муктаждыгын түшүнүгө жардам берет: коопсуздук, сүйүү, урмат жана өзүн ачуу мүмкүнчүлүгү. «Баланын үйү» көнүгүүсү аркылуу үй-бүлөңүздөгү тарбиялоо стилиңизди көрүп, «үйдүн» ар бир бөлүгүн бекемдөө үчүн түшүнүктүү кадамдарды аласыз. Күнүнө 5–10 мүнөт, телефондон. Эмнени үйрөнөсүз
балага эмне керек экенин түшүнүүнү: коопсуздук, сүйүү, урмат жана өзүн ачуу мүмкүнчүлүгү;
азыркы тарбиялоо стилиңизди жана анын балага таасирин көрүүнү («Баланын үйү» көнүгүүсү менен үй-бүлө диагностикасы);
«үйдүн» ар бир бөлүгүн бекемдөө үчүн так кадамдарды жасоону;
бала менен ишенимди курууну жана анын өзүн-өзү ачышына жардам берүүнү.
Сабактардан үлгү «Баланын үйү» · «Келечекке 5 кадам» · «Коопсуздук» · «Сүйүү» · «Урмат» Кимге ылайыктуу Балдары менен байланыш табып, кыйкырыксыз тарбиялагысы келген энелерге. Тренер Чолпон Бекболотова — психолог жана педагог. Колдоодо — Айгерим Шукурбекова, психолог жана тренер, аялдар, үй-бүлөлөр жана жетишкенчектер менен иштөө тажрыйбасы бар. Катышуучунун пикири «Курс мен үчүн абдан пайдалуу болду. Өзүмө, балдарды тарбиялоого жана үй-бүлөлүк мамилелерге болгон мамилем өзгөрдү… Мен 57 жаштамын. Үйрөнүүгө эч качан кеч эмес.» — курска катышкан аял, 57 жаш