Эркектер жана аялдар үчүн онлайн-курстар
Өзүн-өзү таануу, баарлашуу жана ата-энелик. Телефондон, ыңгайлуу убакытта окуңуз.
Курсту тандоо

Мен жана ички дүйнөм — жеке туруктуулук курсу

Күчтүү болуу — сезимиңди жашыруу дегенди билдирбейт. Көп эркектер ичинде көтөрүп, «чегине жеткенче» чыдайт, бул өзүңө да, үй-бүлөгө да оор. Курс стресстин денеде жана жүрүм-турумда кандай билинерин, чарчоо менен «чегине» жеткен учурду таанууну жана жөнөкөй өзүн-өзү башкаруу ыкмаларын үйрөтөт. Күнүнө 5–10 мүнөт, телефондон, иштен жана үй-бүлөдөн убакыт танбай. Кыргыз тилинде, биздин баалуулуктарды урматтоо менен.
Эмнени үйрөнөсүз
  • эмоцияңызды түшүнүп, стресс денеде жана жүрүм-турумда кандай көрүнөрин байкоону;
  • эмоционалдык күйүп кетүүнү жана «чегине жеткен» учурду таанууну;
  • өзүн-өзү башкаруунун жөнөкөй ыкмаларын («токто, дем ал, топтол»), тынчсыздануу учурунда уйкуну жөнгө салууну да кошо;
  • «азыр жана бул жерде» жашап, ички сынчы менен иштөөнү;
  • кыйынчылыкта турган досту колдоону: айыптабай угууну жана «куткарууга» шашпай турууну.
Сабактардан үлгү
«Эркектер эме үчүн сезимин сейрек билдирет?» · «Алсыз көрүнүүдөн коркуу жана уят сезими» · «Чыдап, унчукпоо стратегиясы эме үчүн иштебейт?» · «Тынчсыздануу учурунда уйкуну кантип жөнгө салабыз?»
Кимге ылайыктуу
Тынчы кеткен, чарчаган, ички абалы тууралуу сүйлөшүүгө же жардам суроого көнбөгөн эркектерге.
Тренер
Урмат Курманов — психолог, EMDR-терапевт жана балдарды позитивдүү тарбиялоо бойунча улуттук тренер. «SOS Балдар айылдары», ЮНИСЕФ жана Кыргызстандын Кызыл Жарым Айы менен иштеген.
Катышуучунун пикири
«Эркектерге да психологдор абдан керек. Биз да жардамга муктажбыз жана алсыз болууга акыбыз бар.» — Автандил Т., 22 жаш, 2026ж курстун каты