«Үч деңгээл бир пакетте» — мырзалар үчүн, топтук коштоо
17000,00
Сом
20001,00
Сом
Бул пакетке эркектер үчүн үч курстун баары кирет жана топтук коучинг форматында өтөт. Курстар удаалаш жүрөт, ар бири бир ай: адегенде стрессти жана ички басымды башкарууну үйрөнөсүз, андан кийин иште жана үй-бүлөдө ачык, урматтоочу сүйлөшүүнү, акырында жакшы ата жана жолдош болууну. Үч деңгээлди бирге алсаңыз, ар бирин өзүнчө алгандан арзаныраак: жеңилдик … сом. Пакетке эмне кирет
3 курс: «Мен жана ички дүйнөм», «Мен жана башкалар», «Мен жана үй-бүлөм»;
60 кыска видеосабак (3 ай × 20 сабак, ар бири 5–10 мүнөт);
тренер менен Zoom жолугушуулары, жумасына 1 жолу;
катышуучулардын жалпы Telegram тобу;
ар бир сабактан кийин тест жана баллдар, ийгиликтүү аягына чыккандарга сертификат;
сабактар кыргыз тилинде, WhatsApp аркылуу келет.
Эмне үчүн пакет
Үч деңгээлди өзүнчө алгандан жеңилирээк: 20001 сом ордуна 17000 сом.
Үч ай бою бир топто, бир тренер менен окуйсуз, ошондуктан кичине кадамдар үзгүлтүксүз жүрөт.
Кийинки курс үчүн өзүнчө төлөп, кайра тандап жүрбөйсүз.
Кимге ылайыктуу Күчтүү жана ишенимдүү болуп, үй-бүлөсүнө жана балдарына жакын болууну каалаган эркектерге. Тренер Урмат Курманов — психолог, EMDR-терапевт жана балдарды позитивдүү тарбиялоо боюнча улуттук тренер. 1 жуманын ичинде оюңузду өзгөртсөңүз төлөмдү кайтарып беребиз!