Ички туруктуулук, сый-урматка негизделген лидерлик, аң-сезимдүү ата курсу
Старт 9-март 2026 ж. тренердин коштоосу менен Өтүлө турган мөөнөтү: 3 модуль - 3 ай (2-март - 7-июнь) Ар бирөө 4 жумадан (ортосунда 1 жума тыныгуу), Күндө бир жеңил кадам кылып жаңы адаттарга ээ болосуз.
Бул «бир күн — бир кадам» программасы эркектерге өзүн түшүнүүгө, стрессти башкарууга жана үй-бүлөдө ишенимдүү мамиле курууга жардам берет.
Кыска сабактар жана тренердин колдоосу менен сиз жашооңузда жана коомунузда акырын, бирок туруктуу өзгөрүүлөрдү баштайсыз.
Сизге бул курс эмнеси менен жагышы мүмкүн?
Сиз өзүңүзгө ыңгайлуу болгон каалаган убакта окуй аласыз.
Видеосабактарга күнүнө 5-10 мүнөт гана бөлүү менен, сунушталган ыкмаларды оңой эле колдоно баштасаңыз болот.
Видеосабактар менен бирге тренердин коштоосу бар форматты тандаган болсоңуз, бардык суроолоруңузга жума сайын тренер менен болгон жолугушуу учурунда жана 24 саат иштеп турган чат аркылуу жооп аласыз.
Өзүн таануу боюнча тренердин ачык вебинары
Катталуунун алдында биздин акысыз вебинарга катышып көрүңүз
MBTI АР ТҮРДҮҮЛҮК СИМФОНИЯСЫ
Акысыз вебинар
Катталуунун алдында биздин акысыз вебинарга катышып көрүңүз
Видео-сабак кадамдар, курсташтар менен талкуулоо, вебинарлар жана тренердин коштоосу
1-Модуль
1-Модуль
Ички күч жана туруктуулук. 4 жуманын ичинде кийинки сабактар өтүлөт:
Мен чындыгында киммин?
Эмне үчүн сезимдерди жашырабыз?
“Эркексиңби?” - уят жана алсыздык коркунучу
Чыныгы эркектин ички күчү
Сезимдер кайдан пайда болот?
Ачуунун артында эмне жашынат?
Сезимдерди таануунун 3 кадамы
Эмоцияны жардырбай кантип билдирсе болот?
Стресс: душманбы же сигналбы?
Эмоционалдык түгөнүүнү кантип алдын алабыз?
Токто – Дем ал – Көңүл бур: тез жардам формуласы
Тынч уйку: мээнин иштегенин кантип өчүрөбүз?
Оор учурда өзүңө кантип таянасың?
Аң-сезимдүүлүк: автопилоттон чыгуу
“Азыр жана ушул жерде” жашоо эмне берет?
Ойлорду башкаруу эмес - байкоо
Ички үнүңдү угуу
Чарчоону байкап, өз убагында токтоо
Көзөмөлдү кое берүү — алсыздык эмес
Күн сайын 1% күчтүүрөөк
2-Модуль
2-Модуль
Коммуникация жана сый-урматка негизделген лидерлик 4 жуманын ичинде кийинки сабактар өтүлөт:
Угуп жаткандарга түшүнүктүү сүйлөө
Кайра айыптоонун ордуна "мен" деген билдирүүлөр
Конфликт - коркунучпу же мүмкүнчүлүкпү?
Сылык жана чынчыл баарлашуу
Ишенимге доо кетирген каталар
Эркектер үчүн эмпатия деген эмне?
Активдүү угуу: 3 деңгээл
Угуп жатканыңды кантип көрсөтсө болот
Конфликтсиз кайтарым байланыш айтуу/берүү
Ачууланганда же таарынганда кантип сүйлөшүү керек
Өз оюн билдирүү жана сын-пикир угуудан коркуу
"Өзүң тууралуу ишенимдүү кантип сүйлөш керек?"
Жардам сурап же "жок" деп айтууну үйрөнүү
Эл алдында ишенимдүү сүйлөө
Эркектин социалдык ролдору жана ички конфликт
Вербалдуу эмес сүйлөшүүнүн тили
Үй-бүлөдөгү ишенимди бекемдөөчү фразалар жана сөздөр
Уят, күнөө жана басым – кантип туура башкарса болот
Маекти суроолор аркылуу кантип алып барсак болот
Рефлексия жана курстун 3 денгээли менен тааныштыруу
3-Модуль
3-Модуль
Үй-бүлөдөгү эркектин ролу - аталык жана өнөктөштүк 4 жуманын ичинде кийинки сабактар өтүлөт:
Кыргыз үй-бүлөсүндөгү эркектин салттуу ролу
«Жолдош» жана «ата» түшүнүктөрүнүн өзгөрүшү
Камкордук жана эмоционалдык катышуу - алсыздык эмес, күч
Жумуш менен үй-бүлөнүн ортосундагы тең салмак
Эгер өзүңүз атасыз өссөнүз эмне кылуу керек
Баланын төрөлгөн күнүнөн тартып атанын ролу
Балдар менен ишенимдүү мамиле куруу
Бала менен сезимдер тууралуу кантип сүйлөшүү керек
Жаза жана чек: урматка негизделген тарбия
Аталык үлгү: балдар атасын кантип кайталайт
Жубай менен талашпай, диалог жүргүзүү
Үй-бүлөдө биргелешкен чечим кабыл алуу — урмат жөнүндө
Үйдөгү жоопкерчиликтер: кантип макулдашуу керек
Кызганыч, көзөмөл жана эмоционалдык зомбулук
Аялдарды колдоо жана өз ара камкордук
Гендердик стереотиптер деген эмне
Аларды аңдап түшүнүү эмне үчүн маанилүү
Эркектер жана гендердик теңдик: союздаштын ролу
Күчтүү жана жумшак болуу бир учурда мүмкүнбү?
Эркек үй-бүлөдө жана коомдо эмнени өзгөртө алат
Курстан кийин
Курстан кийин
Ар бир курсту өткөндөн кийин катышуучулар прогрессти талдап курска баа беришет. Кадамдардын жазмаларына (видеозапись) ОН ЭКИ ай доступ берилет.
Тренер
Урмат Курманов
Жогорку билимдүү практик психолог, 10 жылдан ашуун тажрыйбасы бар адис. Жеке практика жүргүзөт.
SOS Балдар Айылдары Кыргызстан, UNICEF долбоорлору жана Кыргызстан Кызыл Ай Коому сыяктуу эл аралык жана жергиликтүү уюмдарда иштеген.
Травма менен иштөөчү EMDR терапевт, психодрама-практик. Кыргызстан EMDR Ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана Кыргызстан Психодрама Ассоциациясынын мүчөсү.
Үй-бүлөлүк мамилелер, жубайлар ортосундагы байланыш жана балдарды тарбиялоо багытында жекече курстарды жана тренингдерди өткөрөт. Балдарга позитивдүү тарбия берүү боюнча сертификатталган тренер.