Айымдар үчүн 3 курстан турган топтом (пакет)
«Үч ай — үч кадам»: өзүңүздөн балдарыңызга чейинки толук жол (топтук коштоо менен)
Старт 11-январь, 2027ж
Өтүлө турган мөөнөтү: 3 ай
Жеңилдик:3000 сом үнөмдөйсүз
Курс жөнүндө
Егер сиз үй-бүлө жана балдар үчүн жашап, өзүңүзгө убакыт таба албай чарчасаңыз, көп тынчсызданып, чыр-чатактан кийин өзүңүздү күнөөлөсөңүз — бул пакет сиз үчүн. Бир айда бир тема, күнүнө бир гана кадам, телефондон. Бул лекция да, терапия да эмес, жашоого керектүү практикалык көндүмдөр.
More products

Пакетке эмне кирет

  • 3 курс жана 60 кыска видеосабак (ар бири 5–10 мүнөт);
  • тренер менен Zoom жолугушуулары, жумасына 1 жолу;
  • бир топтагы аялдар менен жалпы Telegram чат;
  • ар бир сабактан кийин тест жана баллдар, бүтүрүүчүлөргө сертификат;
  • сабактар кыргыз тилинде, WhatsApp аркылуу келет.
Эмне үчүн кардарлар бизге ишенишет
  • 2026-жылы өткөн агымда бул программадан 244 аял катталды;
  • бүтүрүүчүлөрдүн 98,6%и курсту башкаларга сунуштоого даяр, 97,2%и кийинки деңгээлди окугусу келет;
  • aha.kg 2017-жылдан бери 5000ден ашык адамды окуткан.
Тренерлер
Чолпон Бекболотова
Сертификаттуу мугалим жана психолог, тарбиялоо жана инсандык өнүгүү боюнча курстардын тренери. Анын жекече да, топтор үчүн да, анын ичинде ЮНИСЕФ, Кыргызстан Тынчтык Корпусу, International Alert, Өнүктүрүү саясат институту, SheStarts, MSDSP, Youth of Osh ж.б. сыяктуу жергиликтүү жана эл аралык уюмдарга корпоративдик заказдардын алкагында окутуу боюнча чоң тажрыйбасы бар.

Чолпон Бекболотова aha.kg эксперти катары Азаттык, Sputnik, Next TV, Bilesinbi, "Оор күндүн кечи" ж.б. телерадиоберүүлөрүнүн дайымкы коногу.
"БилимтайМ" билим берүү борборунун негиздөөчүсү.
Айгерим Шукурбекова
Айгерим айым — социалдык кызматкер, психология боюнча магистр. Когнитивдик-жүрүм-турумдук терапия багытында иштеген практик-психолог.
Психоэмоционалдык ден соолук, стрессти башкаруу жана психологиялык травманы эске алуу менен иштөө боюнча адис.

Айгерим айым дагы ар кандай эл аралык жана жергиликтүү уюмдар менен иштеген. Психолог катары эки жылдык практикалык тажрыйбасы бар.
Курста колдоо көрсөтүү боюнча кошумча машыктыруучу болот
Катышуучулардын кайтарым пикирлери
  • Өзүн өзү өнүктүрүү курсу эн Жогорку денгелде өттү! Ар Бир катышуучу ушунчалык кызыгуу менен окууду деп ойлойм. Ишиңиздерге ийгилик, ар бир инсандын жашоосун өзгөртүп жакшы жетишкендиктерге жеткизип ийгилик жаратыныздар.
    Бекеева Айдай Ааматовна
  • Курс абдан керектүү болду. Өзүмдүн жана башка адамдардын баалуулуктарын баалаганга, сыйлаганга жана тынбай билим алууга, изденүүгө түрткү берди. Аха.кейджи окуу борборуна чоң рахмат.
    Жумамүдүнова Нурзат
  • Мен учун бул курстар башка бир аалам ачылгандай болду! Сиздерге чоон рахмат ушундай мумкунчулук түзүп бергенде!
    Жорова Айгул
  • Бул курстан өзүмө пайдалуу жаны маалыматтарды алдым. Сабактар кыска бирок нускалуу болду. Берилген техникаларды дагы колдонуп жатам. Курстун тренери маанисиз, суу сөздөр сүйлөнгөн жок. Чолпон эже сонун түшүндүрөт экен.
    Жолдошова Кундуз
Суроолор болсо whatsapp жооп бергенде даярбыз
Өзүн өнүктүрүү боюнча тренердин видеолору
Катталуунун алдында биздин видеолорду текшерип көрүңүз